Терексай кенин иштетип жаткан «Эти Бакир Терексай» кыргыз-түрк ишканасы жумушчулардын айлык акысын жана орточо эсеп менен 28%га жогорулатат. Бул тууралуу Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзу (ММТУК) билдирди.
2022-жылга жаңы жамааттык келишимди түзүүнүн алкагында ишкананын жетекчилиги менен кесиптик бирликтин ортосунда эмгек акыны жогорулатуу боюнча келишим түзүлдү.
Айрым жумушчулардын айлыктары андан да көбүрөөк – 30-50%га көтөрүлөрү айтылды. Бул жер астындагы шарттарда, алтын чыгаруучу фабрикада, карьерде иштеген жумушчуларга жана өзгөчө оор жана кооптуу эмгек шарттарында иштегендерге таасирин тийгизет.
Кызматкерлердин эмгек акысына мыйзамда каралган эмгек акыга байланыштуу бардык төлөмдөр, анын ичинде бийик тоолуу коэффицент, түнкү, майрамдык, ашыкча иштөө үчүн төлөмдөр жана компенсациялар кирет.
Айлыкты жогорулатуудан тышкары, социалдык төлөмдөр дагы 30%га көбөйөт (никеге, баланын төрөлүшүнө, юбилейлерге, сөөк коюуга жөлөкпулдарга жана башка жагдайларга байланыштуу).
Өзүнчө “Эти Бакир Терексай” ишканасынын администрациясы ден соолук, спорт жана маданият иштерине профсоюз комитетине ай сайын 160 миң сомдон бөлүп берет.
Эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча бардык талаштуу маселелер администрация менен кесиптик бирликтин ортосунда мыйзам чегинде сүйлөшүү жолу менен гана чечилет, деп кошумчалады ГМПК.
Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзу учурда ишканада 600дөн ашык адам эмгектенип жатканын кошумчалады. Өндүрүштүк инвестициянын жалпы көлөмү 240 миллион доллардан ашты, жакын арада алтынды бөлүп чыгаруучу фабриканы ишке киргизүү пландалып жатат, ал учурда тесттик режимде иштеп жатат.
Маалымат булагы: https://economist.kg/novosti/2022/03/25/kyrgyzsko-tureckaya-eti-bakyr-tereksaj-na-tret-uvelichit-zarplaty-rabotnikam-rudnika-tereksaj/