Премьер-министр, м.а Президенттин милдеттери Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Терексай кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз-түрк “Эти Бакир Терексай” компаниясынын өкүлдөрү алтын чыгаруучу фабриканын курулушу чет өлкөдөн келген жабдыктар кечигип келгендиктен токтоп калганын билдирди.
Жапаров Терексай кенин иштетүүнү жандандыруу зарылдыгын белгиледи.
«Учурда калдык сактоочу жайды курууга даярдык иштери жүрүп жатат. Экологиялык коопсуздук жагынан бул объектти курууда бардык талаптар аткарылышы керек. Бул багытта иш жергиликтүү калк менен тыгыз байланышта жүргүзүлүшү керек», – деди Жапаров.
Эске салсак, Терексай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакир Терексай» ЖЧКсы «Кыргызалтын» ААК (капиталынын 25%) жана түркиялык «Эти Бакир» (капиталынын 75%) биргелешкен ишканасы болуп саналат.
Маалымат булагы: https://economist.kg/novosti/2020/11/04/sadyr-zhaparov-posetil-mestorozhdenie-terek-saj/