Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Терек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 2022-жылдын 13-майы Терек-Сай айылынын Маданият үйүндө Кыргызстандагы эң эски өнөр жай тармактарынын бири – Терексай кенинин пайда болушуна жана «Эти Бакыр Терексай» алтын ылгоочу жаңы фабрикасынын ачылышына арналган «Тоо-кен өндүрүшүнүн жаралышы. Чаткалдын алтыны» аталышындагы фото-көргөзмө уюштурулду. Көргөзмө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Терексай кенинин ишине арналган алгачкы фото-көргөзмө болуп саналат.
Көргөзмөгө Терек-Сай кенинин тарыхын жана “Эти Бакыр Терексай” тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгүн чагылдырган 70тен ашык сүрөттөр коюлду. Анда ишкананын объектилеринин, кенде иштеп жаткан оор жана кубаттуу тоо-кен техникаларынын, ошондой эле деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте күн сайын иштеген жумушчулардын жеринен алынган сүрөттөрү бар.
Фото-көргөзмөнүн максаты – фотосүрөттөр аркылуу тоо-кен өндүрүшүнүн келип чыгышын, объекттин ишин көрсөтүү, өнөр жайды «ичинен» көрө билүү жана бул тармактын татаалдыгына, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугуна көңүл бурдуруу болуп саналат.
Көргөзмөнүн расмий ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундары, ишкананын жетекчилиги, мектеп мугалимдери жана окуучулары катышты. Көргөзмөнүн алкагында мектеп окуучулар үчүн конок лекциясы уюштурулуп, окуучуларга кесип тандоо боюнча маалыматтар берилди.
Буга чейин бул иш-чара борбордогу Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 13-апрелден 29-апрелге чейин өткөрүлгөн болчу.
Терек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылдыТерек-Сай айылында “Чаткал Алтыны” фото-көргөзмөсү ачылды

 

Похожие новости

Абанын сапатын көзөмөлдөй турган жаңы жабдыктар алынды

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарына тааныштыруу турун өткөрдү

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасында 1000 ашуун адам иштейт

etibakir
%d bloggers like this: