Жаңы билим – жаңы горизонттор.
Кыргыз-түрк “Эти Бакыр Терексай” компаниясы Терексай айылынын орто мектептеринин окуучулары үчүн “Ачык эшиктер күнүн” өткөрдү. Ачык эшиктер күнү жөн гана экскурсия эмес. Бул жаңы билим!
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер дээрлик бардык өндүрүш участокторун кыдырып, тоо-кен ишкананын ар бир бөлүмдөрүнүн башчыларына кызыктырган суроолорун түз бере алышты. Балдар тармактын алдынкы ишканаларынын бири кандай иштеп жатканы менен таанышып, пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү боюнча заманбап технологиялар менен таанышты. Коноктор адистерге суроолорду берип, теория кандайча практикага айланганын көрдү.
Балдарды коштоп келген мугалимдер белгилегендей, мындай иш-чаралар жаштардын келечектеги кесибин тандоосуна жардам берип, алардын билимин жогорулатууга болгон умтулуусуна эң сонун түрткү болот. Анткени, келечектеги кесипти тандоо жаш муундун эң татаал милдеттеринин бири. Ал эми Кыргыз Республикасындагы алдыңкы өндүрүш ишканаларынын бирине баруу мектепти аяктагандан кийин окуу жайды тандоого жардам берет – деп ишенет мугалимдер. Ошондой эле иш жүзүндө мындай кесипке багыт берүү инженер, геолог, технолог кесибин ойлогондор үчүн шыктандыруучу тажрыйба экенин жана бул билим мүмкүнчүлүккө айлана турган келечекке кадам! – деп белгилешти класс жетекчилери.